Израилдин кол салууларында 6050 палестиналык окуучу шейит болду

Палестинанын Билим берүү министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Израилдин Газа тилкеси жана Батыш Шериадагы кол салуулары башталган 7-октябрдан бери 6 миң 50 окуучу шейит болуп, 10 миң 219 окуучу жараланганы тууралуу маалыматтар камтылган.

2123927
Израилдин кол салууларында 6050 палестиналык окуучу шейит болду

Израиль Газа тилкесине каршы согуш баштаган 7-октябрдан бери 6050 палестиналык окуучу каза болду.

Палестинанын Билим берүү министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Израилдин Газа тилкеси жана Батыш Шериадагы кол салуулары башталган 7-октябрдан бери 6 миң 50 окуучу шейит болуп, 10 миң 219 окуучу жараланганы тууралуу маалыматтар камтылган.

Билдирүүдө Газа тилкесинде 5 миң 994 жана Батыш Шериада 56 окуучу каза болгондугу, Газа тилкесинде 9 миң 890 жана Батыш Шериада 329 окуучунун жаракат алганы, айрыкча Батыш Шериада 105 окуучунун да израилдик аскерлер тарабынан кармалганы баса белгиленди.

Бир тараптан Газа тилкесинде 266 мугалимдин каза болгондугу, 973 мугалимдин жараланганы белгиленген билдирүүдө, Батыш Шериада болсо 6 мугалимдин жараланганы, 73 мугалимдин камоого алынганы белгиленди.

Билдирүүдө Израиль армиясынын Газа тилкесинде 351 мектепти бомбалаганы, алардын 40ынын толугу менен талкаланганы, 111инин олуттуу зыянга учураганы, Батыш Шериадагы 57 мектептин израилдик аскерлер тарабынан басылып талкаланганы белгиленди.

Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине кол салууларында эң аз 14 миң 280и бала, 9 миң 340ы аял болгон 32 миң 916 палестиналык каза болуп, 75 миң 494 киши жараланды.

Урандылардын астында дагы миңдеген набыт болгону билдирилгенине карабастан адамдар баш калкалаган ооруканалар жана билим берүү мекемелери бутага алынып жарандык инфраструктура да талкаланууда.



Тектеш кабарлар