Британияда Палестинаны колдогон активисттер

"Palestine Action" тобунун активисттери, америкалык "Teledyne Defence and Space" компаниясынын Батыш Йоркширдеги ишканасынын чатырына чыгышты.

2123832
Британияда Палестинаны колдогон активисттер

Британияда Палестинаны колдогон активисттер, Израилге аскердик техника саткан фирмага таандык курал-жарак заводунун чатырын жана терезелерин балка менен сындырышты.

Улуу Британияда Израиль менен бизнес кылган компанияларга каршы митингдерди уюштурган "Palestine Action" тобунун активисттери, америкалык "Teledyne Defence and Space" компаниясынын Батыш Йоркширдеги ишканасынын чатырына чыгышты.

Топтун X аккаунтунан бөлүшүлгөн видеодо: «Палестинаны жактаган активисттин чатырды балка менен талкалап жатканда: "Бул аргасыз ачкачылык үчүн. Бул геноцид үчүн. Бул зомбулукка кабылган аялдар үчүн. Бул бомбаланган чиркөөлөр үчүн. Бул бомбаланган мечиттер үчүн" дегени угулду.

Дагы бир активист заводдун терезелерин сындырып, зыян келтирди.

Активисттер андан соң заводдун чатырына чогулуп, Палестинанын желегин көтөрүштү.

"Palestine Action" X баракчасынан жарыялган билдирүүсүндө болсо: «Бул ишкана Израиль армиясы тарабынан Газада геноцид кылынышы үчүн колдонулган ракеталар жана F-35 согуштук учактары үчүн тетиктерди чыгарууда»,-деп айтылды.



Тектеш кабарлар