Боррель: «Биз согушкан жокпуз жана согушпайбыз»

Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель Испаниянын La Sexta телеканалында көрсөтүлгөн «El Intermedio» программасына конок катары катышып Орусия-Украина согушуна баа берди.

2123695
Боррель: «Биз согушкан жокпуз жана согушпайбыз»

 

Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин (1939-1945) европалыктардын ортосунда түзүлгөн тынчтыктын өзгөчө экенин белгилеп: «Кудайга шүгүр, биз согушкан жокпуз жана согушпайбыз да»,-деди.

Жогорку өкүл Боррель Испаниянын La Sexta телеканалында көрсөтүлгөн «El Intermedio» программасына конок катары катышып Орусия-Украина согушуна баа берди.

Боррель: «Европанын чыгышында (Орусия-Украина) согушу жүрүп жатат. Бул эки жылдан бери уланып келе жатат жана ал бүтчүдөй көрүнбөйт. Биз европалыктар, биздин ортобуздагы тынчтык өзгөчө жагдай экенин түшүнүшүбүз керек. Дүйнөдө зордук-зомбулук көп жана ырайымсыз күчтөр барган сайын кеңири жайылууда. Согуш болгон жерде география абдан маанилүү. Украина менен Газадагы согуш - жер үчүн болуп жатат. Бактыга жараша, биз согушкан жокпуз жана согушпайбыз, бирок биз коргонуу жөндөмүбүздү жогорулатуу жөнүндө ойлоно башташыбыз керек»,-деп айтты.

Евробиримдик өлкөлөрүнүн Украинага армия жиберүүсүнүн күн тартибинде жок экенин, анткени согушта эмес экендиктерин айткан Боррель: «Эгерде биз согушта болсок, биз азыр 3-Дүйнөлүк согуш жөнүндө сөз кылмакпыз. Буга чейин жасаган ишибиз украин армияларын өз жеринде согушууга үйрөтүү болду. Ушул убакка чейин 40 миңден ашуун украин жоокерин машыктырдык. Биз Украинага жардам берип жатабыз жана мындан ары да жардам берүүнү улантабыз. Эгер биз муну кылбасак, Украина өзүн коргой албайт. Айырмачылыгы - согушуп жаткан өлкөгө жардам берүү башка, согушка катышуу башка»,- деди.

Боррель: «Орусия эки жумага созула турган согушту каалаган. Бул анын планы болчу. Биз эки жумадан кийин келип, Белоруссиядагыдай куурчак өкмөт орнотуп, канча украиналык болсо Сибирге сүргүнгө айдайбыз дегендей түшүнүгү болгон, бирок андай болгон жок. Андан бери эки жума эмес, эки жыл өттү»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар