Биринчи жолу адам сүт эмүүчүдөн куш тумоосун жугузуп алды

Бул тууралуу New Scientist журналында макала жарыяланды.

2123928
Биринчи жолу адам сүт эмүүчүдөн куш тумоосун жугузуп алды

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) биринчи жолу адам сүт эмүүчүдөн куш тумоосу (H5N1) вирусун жуктурду.

New Scientist журналындагы кабарга караганда, АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору (CDC) Техас штатында оорулуу саан уй менен байланышта болгон бир адамдын куш тумоосуна кабылганын билдирди.

АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору бул адам сүт эмүүчүдөн H5N1 вирусун биринчи жолу жуктуруп жатканын жарыялады.

Белгиленгендей, бейтап көзүнүн сезгенүүсү менен гана жабыркап, абалы жакшы.



Тектеш кабарлар