АКШда исламофобия боюнча рекорддук деңгээлде арыз түштү

Америка-Ислам мамилелери Кеңеши (CAIR), мусулмандар менен палестиналыктарга кол салуулар жана басмырлоолорго байланыштуу отчетун жарыялады.

2123724
АКШда исламофобия боюнча рекорддук деңгээлде арыз түштү

АКШда исламофобия боюнча даттануулар 2023-жылы рекорддук деңгээлге жетти.

АКШдагы эң ири мусулман жарандык укуктарын коргоочу уюм Америка-Ислам мамилелери Кеңеши (CAIR), мусулмандар менен палестиналыктарга кол салуулар жана басмырлоолорго байланыштуу отчетун жарыялады.

CAIR көрсөткүчтөрүнө караганда, Израиль менен Хамастын ортосундагы кагылышуулардан улам исламофобия жана терс пикирлердин күчөшүнүн таасири менен АКШда мусулмандарга жана палестиналыктарга каршы кол салуулар жана дискриминация 2023-жылы рекорддук деңгээлге жетти.

Отчетто исламофобия боюнча арыздардын 2023-жылы мурунку жылга салыштырмалуу 56 пайызга өсүп 8061ге жеткени жана мунун Америка-Ислам мамилелери Кеңеши 30 жыл мурда көрсөткүчтөрдү каттай баштагандан берки эң жогорку деңгээл экени белгиленди. Ошондой эле отчетто бул арыздардын 3,600ү октябрь айынан декабрь айына чейин түшкөнү айтылды.

CAIRдин отчетунда 2022-жылдагы төмөндөөдөн кийин 2023-жылы "мусулмандарга каршы жек көрүүнүн жанданганы" айтылды.

2023-жылдын биринчи 9 айында Исламга каршы окуялардын бир айлык орточо көрсөткүчү 500дүн тегерегинде болсо, акыркы чейректе айына болжол менен 1200гө жеткени билдирилди.

Отчетто: «Исламофобиянын күчөшүнүн биринчи себеби Израиль жана Палестинада октябрь айында башталган окуялар болду»,-деди.



Тектеш кабарлар