БУУ Газага кирген гуманитардык жүк ташуучу унаалар жетишсиз

БУУнун Жакынкы Чыгыштагы Палестиналык качкындарга жардам жана иштер агенттиги (UNRWA) социалдык медиа платформасы X аркылуу Газадагы абалга байланыштуу билдирүү жасады.

2123143
БУУ Газага кирген гуманитардык жүк ташуучу унаалар жетишсиз

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) өткөн айда Израиль ачарчылыкка сүйрөгөн Газа тилкесине орто эсеп менен 159 гуманитардык жардам жүк ташуучу унаанын киргенин жана мунун аймактагы муктаждыктан алда канча төмөн болгонун билдирди.

БУУнун Жакынкы Чыгыштагы Палестиналык качкындарга жардам жана иштер агенттиги (UNRWA) социалдык медиа платформасы X аркылуу Газадагы абалга байланыштуу билдирүү жасады.

Израилдин март айында ачкачылык менен күрөшүп жаткан Газага күнүнө орто эсеп менен 159 гана гуманитардык жардам жүк ташуучу унаанын киришине уруксат бергени жана мунун аймактагы муктаждыктан бир топ төмөн болгону белгиленди.

Билдирүүдө, «Кирүүдөгү тоскоолдуктар гуманитардык актерлордун Газа тилкесиндеги адамдарга жетүү мүмкүнчүлүгүнө коркунуч туудурууда»,делди.

Дүйнөнүн көптөгөн өлкөсүнөн Египет аймагы аркылуу Газага жөнөтүлгөн гуманитардык жардамдын көбү Израилдин тоскоолдуктарынан улам Египетте күтүүнү улантууда.

Израиль гуманитардык жардамдын Египет чек арасындагы Рефах чек ара дарбазасы аркылуу Газага киришине уруксат берүү боюнча эл аралык чакырыктарга көңүл бурбай жатат.

Тель-Авив администрациясы Түштүк Африканын Израилге каршы козгогон геноцид ишинде Газага гуманитардык жардамдын берилишине байланыштуу Эл аралык Адилет Сотунун (ICJ) чыгарган убактылуу чара чечимин да аткаруудан баш тарткан..

Европа Биримдигинин (ЕБ) Комиссиясынын төрагасы Урсула фон дер Ляйен 14-марттагы өзүнүн X эсебиндеги билдирүүсүндө: «Учурда күнүнө (Газага) кирүү үчүн кеминде 500 жүк ташуучу унаага же ага теңдеш жардамга муктаждык бар»,- деп айткан.



Тектеш кабарлар