Атактуу актер Юсеф палестиналыктар үчүн дуба кылды

Юсеф NBC улуттук телеканалындагы "Saturday Night Live (SNL)" комедиялык программасына конок болду.

2123107
Атактуу актер Юсеф палестиналыктар үчүн дуба кылды

Голливуд актёру жана куудул Рами Юсеф палестиналыктардын "азап-кайгысынын бүтүшү" үчүн дуба кылды.

Юсеф Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) NBC улуттук телеканалындагы "Saturday Night Live (SNL)" комедиялык программасына конок болду.

Досторунун арасында "дуба кылган адам" деген ат менен таанылган Юсеф бир досунун андан Газада жашаган үй-бүлөсү үчүн дуба кылуусун суранганын айтты.

Актёр Юсеф: «Суранам, бул азап бүтсүн. ​​Зомбулукту токтото көр. ​​Палестина элин эркиндикке чыгар» деп дуба кылганын билдирди.

Белгилүү Голливуд актёру Рами Юсеф 96-Оскар сыйлыгын тапшыруу аземинен мурда да: «Газада ок атышууну дароо токтотууга чакырабыз. Палестина элине тынчтык жана туруктуу адилеттүүлүктү орнотууга чакырабыз. Бул чындыгында универсалдуу билдирүү: Балдарды өлтүрүүнү токтоткула» деп билдирген эле.



Тектеш кабарлар