Москвада болгон теракта камалгандардын саны 9га жетти

Басманный райондук сотунда 22 - март күнү кечинде болгон терактка байланыштуу кармалган шектүүлөрдүн бири сот алдына чыгарылды.

2122356
Москвада болгон теракта камалгандардын саны 9га жетти

Россиянын борбор шаары Москвадагы "Crocus City Hall" концерттик залга карата жасалган теракт тууралуу  камалгандардын саны 9га жетти.

Басманный райондук сотунда 22 - март күнү кечинде болгон терактка байланыштуу кармалган шектүүлөрдүн бири сот алдына чыгарылды.

Терактка катышкан деп айыпталган тажик улутундагы Назримад Лүтфуллонун 22 - майга чейин абакта кармалышына чечим чыгарылды.

Лүтфуллонун теракт болгон күндүн эртеси "Crocus City Hall" жакындарында  текшерүү учурунда полицияга каршы чыгуусу менен кармалгандыгы айтылды.

Сот  теракты түздөн - түз ишке ашыруу менен шектелген Тажикстандын жарандары Далеркон Мирзоев, Саидакрам Муродали Рачабализода, Фаридуни Шамсидин жана Мухаммадсобир Файзов жана башка шектүүлөр, бир туугандар Аминчон, Диловар Исломовдор жана алардын атасы Исроил Исломов менен Россиянын жараны Алишерге өкүм чыгарды. Кыргызстандык Касымов 22-майга чейин камакка алынып, абакта кала турган болду.

22 - март күнү кечинде Москвадагы "Crocus City Hall" концерттик залында куралчан адамдар тарабынан теракт жасалган. Социалдык медиада бөлүшүлгөн сүрөттөрдө кол салгандардын залда автоматтар менен туш келди ок аткандыгы байкалууда. Террордук кол салууда каза болгондордун саны 144кө жеткендиги жарыяланды.



Тектеш кабарлар