Хамас - Исламдык жихад билдирүү жарыялашты

Хамас жана Исламдык жихад кыймылдары Израиль менен кыйыр түрдө кандайдыр бир сүйлөшүүнүн ийгиликтүү болушу үчүн Газада жер которгондордун  үйлөрүнө кайтуулары менен кошо 4 шарттын аткарылышы керектигин белгилешти.

2122300

Хамастын саясий бюросунун төрагасы Исмаил Хания жана Исламдык жихад  кыймылынын баш катчысы Зияд ан-Наххале баштаган делегациялар Ирандын борбор шаары Тегеранда жолугушту.

Хамастан берилген билдирүүдө Израиль менен кыйыр түрдө башталган кандайдыр бир сүйлөшүүлөрдүн ийгиликтүү болушу үчүн "Газа кол салууларынын толугу менен  токтошу, баскынчы күчтөрүнүн бул жерден чыгышы, жер которгондордун үйлөрүнө кайтышы жана жардамдардын үзгүлтүксүз кириши" керектгини белгиленди. 

Билдирүүдө Палестина калкынын Батыш Шериадагы рейддер жана кол салуулар менен Иерусалим жана Месжид-и Аксадагы мыйзам бузууларды эске алганда Израиль менен түздөн түз  жана ачык кагылышуу ичинде  экени баса белгиленип, бардык бул аймактарда каршылык көрсөтүүнүн бардык формаларына  кайрылуу керектиги белгиленди. 

Билдирүүдө элдин эркине каршы Газада жаңы абалды түзүүгө багытталган план жана долбоорлордун да четке кагылгандыгы маалымдалды. 

Тектеш кабарлар