Орусия дизель майынын экспортуна тыюу салбайт

Новак борбор шаар Москвада журналисттерге энергетика тармагындагы жагдайлар тууралуу баа берди.

2122221
Орусия дизель майынын экспортуна тыюу салбайт

Орусиянын вице-премьер-министри Александр Новак, дизель майынын экспортуна кандайдыр бир тыюу салууну пландабагандарын айтты.

Новак борбор шаар Москвада журналисттерге энергетика тармагындагы жагдайлар тууралуу билдирүү жасады.

Орусиянын үстүбүздөгү жылдын экинчи чейрегинде мунай өндүрүшүн жана экспортун кыскартуу чечимин чыгарганын эске салган Новак: «Билгениңердей биз өндүрүштү башка өлкөлөрдөй азайткан жокпуз. Экспортко чектөө киргизгенбиз. Эми анын ордуна өндүрүштү кыскартуунун убагы келди»,- деди.

Новак акыркы мезгилде учкучсуз учуучу аппараттардын кол салуусуна дуушар болгон орус мунай иштетүүчү заводдоруна токтолуп: «Компанияларыбыз учурдагы кубаттуулуктарын жана өндүрүштөрүн көбөйттү. Бул да бензин жана дизелди рынокко чыгарууга мүмкүнчүлүк түздү»,-деди.

Новак дизелдин экспортуна эч кандай тыюу салууну пландабагандарын белгилеп: «Дизелди жетиштүү чыгаруудабыз, ички рыноктун муктаждыгынан эки эсе көп. Эгерде тыюу салсак бул майларды коё турчу жер таппай калабыз»,-деп айтты.

Орус өкмөтү 29-февралда кабыл алган чечим менен 1-марттан баштап 6 айга бензин экспорттоого тыюу салган.



Тектеш кабарлар