Кытай менен Индиянын ортосунда чек ара келишпестиги тууралуу сүйлөшүүлөр

Кытай менен Индия Гималайдагы талаштуу чек ара аймактарындагы чыңалууну жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын өткөрүш

2122194
Кытай менен Индиянын ортосунда чек ара келишпестиги тууралуу сүйлөшүүлөр

Кытай менен Индия Гималайдагы талаштуу чек ара аймактарындагы чыңалууну жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын өткөрүштү.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта чек ара талаштарын чечүү үчүн жүргүзүлүп жаткан Кытай - Индия чек ара маселелерин кеңешүү жана координациялоо механизминин 29 - жыйыны борбор шаар Пекинде өткөрүлдү.

Билдирүүдө эки өлкөнүн тышкы иштер, коргоо, миграция жана башка министрликтеринен жетекчилер катышкан жыйында : «Чек арадагы абалдын нормалдуу башкаруу жана көзөмөлдөө фазасына өтүшүн камсыз кылуу үчүн эки тарапка тең алгылыктуу планды тез арада даярдоо боюнча макулдашууга жетишилди»,- деп айтылды.

Индиянын тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө :  «Иш жүзүндөгү көзөмөлдөө линиясынын батыш жагындагы маселелердин чечилиши  жана өз ара чыгууну аяктоо тууралуу пикир алмашылды»,-  деп белгиленди.

Эки өлкөнүн билдирүүлөрүндө тараптардын чек ара аймагында тынчтыктын сакталышы үчүн дипломатиялык жана аскердик каналдар аркылуу үзгүлтүксүз байланыштын сакталышынын мааниси белгиленди.

Гималай тоолору менен курчалган Кытай менен Индиянын ортосундагы так эмес чек ара сызыгы өлкөлөр ортосунда эгемендүүлүк талаштарын жаратууда. Дарыяларды, көлдөрдү, мөңгүлөрдү жана карлуу чокуларды камтыган 3500 чакырымдык чек ара көп учурда тараптарды бетме  - бет келтирүүдө.

Пекин Индиянын «Түштүк Тибет» деп атаган Аруначал - Прадеш штатында 90 миң чарчы километр жерди талап кылса, Дели Аксай - Кытай бөксө тоолорун камтыган 38 миң чарчы километр аянтты Кытайдын басып алганын айтууда.



Тектеш кабарлар