Испаниядагы ыңгайсыз аба шарттары

Испаниянын кээ бир аймактарын  таасири астында калган ыңгайсыз аба шарттарынан улам  4 киши каза болду.

2121856
Испаниядагы ыңгайсыз аба шарттары

Испаниянын кээ бир аймактарын  таасири астында калган ыңгайсыз аба шарттарынан улам  4 киши каза болду. 

Нельсон бороону жана нөшөрлөп жамгыр жааган Испанияда  өлкөнүн чыгышындагы Таррагона шаарында 2, түндүктөгү Астурия аймагында 2 киши деңизге чөгүп каза болду.

Таррагонада деңизге түшкөн 16 жаштагы баланы куткарууга аракет кылган 32 жаштагы жаран катуу шамалдан улам чоң толкунга кабылып, экөөнүн тең каза болгону маалымдалды.

Астурияда британиялык эркек турист менен бир аялдын деңизге түшүп,  бийиктиги 8 метрге жеткен толкундун арасында  чөгүп кеткени жарыяланды.

Испаниядагы ыңгайсыз аба ырайынан Астурия, Кантабрия, Андалусия, Кастилья жана Леон, Риоха, Галисия, Арагон, Экстремадура жана Каталония аймактарынын эң көп жабыр тартканы, кээ бир жерлерде шамалдын ылдамдыгы саатына 90 километрге жеткени белгиленди.

Христиан дүйнөсүнүн маанилүү майрамдарынын бири болгон Пасха майрамында болгон Испанияда аба ырайынын катаал шарттарынан улам көптөгөн диний жүрүштөр токтотулду.

 

 



Тектеш кабарлар