АКШдан Украинага кошумча аскердик жардам

Остин АКШнын Коргоо министрлиги Пентагондо АКШнын Башкы штабынын төрагасы Чарльз Браун менен маалымат жыйынын өткөрдү.

2132709
АКШдан Украинага кошумча аскердик жардам

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) коргоо министри Ллойд Остин Украинага узак мөөнөттүү 6 миллиард долларлык жаңы кошумча аскердик жардам пакетинин бериле турганын жарыялады.

Остин АКШнын Коргоо министрлиги Пентагондо АКШнын Башкы штабынын төрагасы Чарльз Браун менен маалымат жыйынын өткөрдү.

Остин 6 миллиарддык кошумча коопсуздук жардам пакетинин Украинанын Patriot жана NASAMS абадан коргонуу системалары үчүн маанилүү тосмолорду, көбүрөөк учкучсуз учуучу аппарат системаларын жана колдоо жабдыктарын, олуттуу өлчөмдө артиллериялык ок-дарыларды жана абадан жерге ок-дарылар менен техникалык колдоо көрсөтүүнү камтый турганын маалымдады.

Остин Украинага аскердик жардамдын жеткирилишинин АКШнын өндүрүш тармагынын ылдамдыгына байланыштуу экенин айтты.

Остин ошондой эле Украинага 61 миллиард доллар, Израилге 26 миллиард долларлык аскердик жардамды да камтыган жалпы 95 миллиард долларлык тышкы жардам пакетин бекиткени үчүн Конгресске жана АКШнын президенти Жо Байденге ыраазычылык билдирди.



Тектеш кабарлар