Грецияда катуу жер титиреди

Жер титирөөлөрдүн очогунун Пелопоннестеги Илия региону экени кабарланды.

2121973
Грецияда катуу жер титиреди

Грецияда 5,6 жана 5,7 баллдык эки жер титирөө катталды.

Грециянын мамлекеттик каналы ERT, эки жер титирөөнүн бир мүнөттүк айырма менен болгонун жарыялады.

Жер титирөөлөрдүн очогунун Пелопоннестеги Илия региону экени кабарланды.

Ион деңизиндеги жер титирөөлөр борбор шаар Афина менен бирге Аттика аймагында да сезилди.

21 жарым километр тереңдикте катталганы айтылган жер титирөөлөрдөн жабыркагандардын болуп же болбогону тууралуу азырынча эч кандай маалымат жок.



Тектеш кабарлар