АКШ Йемендеги хуситтерге кол салды

Америка Кошмо Штаттары  Йемендеги  Иран колдогон хуситтер көзөмөлгө алган  аймактарда алыскы аралыкка учуучу 4 учкучсуз учуучу аппарат системасын жок кылынганын билдирди

2121472
АКШ Йемендеги хуситтерге кол салды

Америка Кошмо Штаттары  Йемендеги  Иран колдогон хуситтер көзөмөлгө алган  аймактарда алыскы аралыкка учуучу 4 учкучсуз учуучу аппарат системасын жок кылынганын билдирди.

АКШнын Борбордук командирлиги (CENTCOM) темага байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берди.

Билдирүүдө кечээ алыс аралыкка учуучу 4 учкучсуз учуучу аппарат системасынын бир АКШ аскердик кемесин бутага алгандыгы, ушул себептен "коргонуу чабуулун" жасагандыгы билдирилди. 

Хуситтердин көзөмөлүндөгү аймактарда учкучсуз учуучу аппарат системаларынын атылгандыгы айтылган билдирүүдө бул кыймылдардын навигация эркиндигин коргоо үчүн жасалганы белгиленди.

Иран колдогон хуситтер Израилдин Газа тилкесиндеги кол салууларына каршылык катары 31 - октябрдан бери Йемен жээктеринде израилдик компаниялар менен байланышы бар коммерциялык кемелерди конфисациялап,  айрымдарына да учкучсуз учуучу аба аппараттары жана ракеталар менен кол салууда.

Хуситтердин аракеттеринен кийин көп сандаган кемечилик фирмасы Кызыл деңиздеги каттамдарын токтотуу чечимин чыгарды. 

АКШ глобалдык деңиз соодасынын коопсуздугу коркунучка кирди деген негиз менен 18 -  декабрда бир топ өлкөнүн катышуусу менен хуси күчтөрүнө каршы "Рафах сакчысы операциясы" деген ат менен көп улуттуу "деңиз миссиясы күчүнүн" түзүлгөндүгүн билдирди. 

АКШ жана Британиянын Йемендеги хуситтердин көзөмөлүндөгү аймактарга кол салуусу менен хуситтер бардык АКШ жана Британия кемелерин бутага аларын жарыялады. 

 



Тектеш кабарлар