15 жаштагы баатыр Ислам Халилов ААга маек берди

Россияда болгон терактта 100дөн ашуун адамды куткарган 15 жаштагы  Ислам Халилов көрсөткөн  эрдигинин  тарбиясынан улам экендигин айтты.

2121610
15 жаштагы баатыр Ислам Халилов ААга маек берди
islam halilov.jpg
islam halilov.jpg

Россияда болгон терактта 100дөн ашуун адамды куткарган 15 жаштагы  Ислам Халилов көрсөткөн  эрдигинин  тарбиясынан улам экендигин айтты.

22 - март күнү кечинде Россиянын борбору Москва шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында теракт болгон.

Террордук  уюм ДЕАШ жоопкерчилигин моюнга алган кол салууда 139 киши каза болуп, 100дөн ашуун киши жараланды.

Концерттик залда гардероб болуп иштеген 15 жаштагы  Ислам Халилов залда отургандарды кайраттуулук менен Крокус Экспо көргөзмө имаратына багыттап, 100дөн ашуун адамды теракттан сактап калды.

Ислам Халилов окуя тууралуу Анадолу агенттигине айтып берди. 

Кол салуу күнүн катардагы иш күнү катары баштагандыгын белгилеген Халилов концерт залындагы гардеробдо өз ишин аткарып, адаттагыдай эле концертке келген көрүүчүлөргө кызмат кылып жатканын айтты.

Халилов террорчулардын кол салууну жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00дө концерттин коңгуроосу кагылганда баштаганын айтып : "Оболу биринчи кабаттан үндөрдү уктум. Мен бир кабат астыда гардеробдо иштеп жаткам. Башында мас болгон топ ызы-чуу кылып жатат же эскалаторлордо көйгөй бар деп ойлогом. Андан кийин  адамдар дүрбөлөң ичинде имартта ар кайсы жактарга таркай башташты, текичтерге, эскалаторлорго чуркай баштаганда  террордук кол салуунун башталгандыгын байкадым",- деди.

Халилов эвакуация планына ылайык так иш алып баргандыгын жана элди коңшулаш жайгашкан Крокус Экспо көргөзмө имаратына багыттай баштаганын айтты.

Халилов кол салуудан кийин баары акырындык менен жакшыра баштаганын жана психологдун жардамына муктаж эмес экенин айтып : "Диним мага жардам берет. Түнү дуба кыламын, Алланы эстеймин. Бул тынч уктоого жардам берет",- деди. 

Көрсөткөн эрдигинен улам маанилүү кишилерден сыйлыктарды алганын айткан Халилов бардык  аракетти көрсөтүүсүнүн  үй  - бүлөсү жана алган тарбиясына байланыштуу экендигин баса белгиледи. 

Өзүнүн өзбек, жубайынын кыргыз экендигин айткан Исламдын атасы Бахтияр Халилов да : "Балам менен сыймыктанам. Динибиз ислам. Ошондуктан тун уулума Ислам атын бердим. Балдарыма ар дайым адамдарга жардам берүү керектигин, анын кайтып келерин айтамын. Жалган айтпаш керектигин айтам анткени биздин динибиз тазалыкты сүйөт. Кол салууну аткаргандар террорист. Алардын дини жок. Ислам бизге муну үйрөттү. Ислам  абдан жакшы дин",- деди. 

 

 



Тектеш кабарлар