Тогодо Конституциялык өзгөртүү кабыл алынды

Президенттин  ыйгарым укуктарын узартып, бирок мөөнөтүн чектеген Конституцияга өзгөртүү киргизүү сунушу парламентте 91 депутаттын 89унун “макул” добушу менен кабыл алынды.

2120951
Тогодо  Конституциялык өзгөртүү кабыл алынды

Тогодо президенттин парламент тарабынан шайланышын күткөн Конституциялык өзгөртүүнү кабыл алды. 

Того  президенттик башкаруудан парламенттик системага өтүү үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизилди. 

Президенттин  ыйгарым укуктарын узартып, бирок мөөнөтүн чектеген Конституцияга өзгөртүү киргизүү сунушу парламентте 91 депутаттын 89унун “макул” добушу менен кабыл алынды.

Жаңы жобого ылайык, парламент тарабынан 6 жылдык мөөнөткө шайлана турган президент бир  мөөнөт гана иштей алат.

Буга чейин президент эл тарабынан 2 мөөнөткө шайланып, ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 5 жыл болгон.

Президент Фор Гнассингбе учурдагы  кызмат мөнөтүн эсептебеген Конституциялык өзгөртүү менен 2025  - жылы кайрадан талапкер боло алат жана шайлана турган болсо  2031 -  жылга чейин президенттик орундугуна отура алат.

Батыш Африка өлкөсү болгон Того  1967 -  жылдан бери  Гнассингбе үй  - бүлөсү тарабынан башкарылууда. 

Сокку менен бийликке келген ата  Гнассингбе Эйадеманын өлүмүнөн кийин анын ордуна 2005 - жылы уулу Форе Гнассингбе өткөн.

Гнассингбе 2020 - жылы кайрадан президент болуп шайланган.

 



Тектеш кабарлар