Раиси Ханияны кабыл алды

Раиси аймактагы коопсуздук көйгөйлөрүнүн тамырынын Израиль экенин билдирди.

2121178
Раиси Ханияны кабыл алды

Ирандын президенти Ибрахим Раиси, Газада болуп жаткандардын АКШ жана кээ бир Батыш өлкөлөрү үчүн уят экенин айтты.

Ирандын расмий кабар агенттиги ИРНАнын маалыматына караганда, Раиси расмий жолугушууларынын алкагында борбор шаар Тегеранга барган Хамастын саясий бюросунун төрагасы Исмаил Ханияны кабыл алды.

Раиси жолугушууда, Газа калкынын каршылыгы менен Палестина маселесинин Ислам дүйнөсүнүн чегинен ашып бүткүл дүйнө калкынын маселеси болуп калганын билдирди.

"Газада болуп жаткандар АКШ жана кээ бир Батыш өлкөлөрү үчүн уят эле",-деген Раиси аймактагы коопсуздук көйгөйлөрүнүн тамырынын Израиль экенин кабарлады.

Хамастын Саясий бюросунун башчысы Хания да жолугушууда Раисиге Газадагы окуялар тууралуу маалымат берди.

Хания Хамастын Израилге каршы 7-октябрда баштаган Акса топону операциясынын Палестина элине болуп көрбөгөндөй ийгилик алып келгенин айтты.



Тектеш кабарлар