Колумбиянын президенти Израилди эскертти
Густаво Петро: «Эгер Израил Бириккен Улуттар Уюмунун ок атышпоо чечимине баш ийбесе дипломатиялык карым-катнаштарды үзөбүз»,-деди.
Колумбиянын президенти Густаво Петро, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде Газада ок атышпоо талабы менен кабыл алган чечимге баш ийбесе Израиль менен дипломатиялык карым- катнаштарын үзө турганын айтты.
Густаво Петро, X социалдык медиа баракчасынан жарыялаган темага байланыштуу билдирүүсүндө: «Эгер Израиль Бириккен Улуттар Уюмунун ок атышпоо чечимине баш ийбесе дипломатиялык карым-катнаштарды үзөбүз»,-деди.
Петро кечээки билдирүүсүндө да: «Израиль бул ок атышпоо чечимин бузса, дүйнө элдерин ал өлкө менен дипломатиялык карым- катнаштарын үзүүгө чакырам»,-деген эле.
Газада Рамазан айында ок атышууну дароо токтотууну талап кылган мыйзам долбоору бир күн мурда БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Мыйзам долбоору 14 "макул" жана 1 "калыс" добуш менен кабыл алынды.
БУУнун Уставынын 25-беренесине ылайык, Коопсуздук кеңешинин чечимдери милдеттүү деп эсептелет.
Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине кол салууларында көбү балдардан турган 32 миңден ашуун палестиналык каза болду.