Кениядагы культ курмандыктары

Өкмөттөн жасалган билдирүүдө Малинди шаарында ачарчылык жана сууга чөгүп кетүү белгилери менен каза болгон 429 адамдын сөөгү үй-бүлөлөрүнө жеткириле баштаганы белгиленди.

2120722
Кениядагы культ курмандыктары

Кения өкмөтү «Ыйса Машаяк менен ачкачылыкта жолугабыз» деген убадага алданып, жанын кыюу менен курман болгондордун сөөгүн үй-бүлөлөрүнө жеткире баштады.

Өкмөттөн жасалган билдирүүдө Малинди шаарында ачарчылык жана сууга чөгүп кетүү белгилери менен каза болгон 429 адамдын сөөгү үй-бүлөлөрүнө жеткириле баштаганы белгиленди.

Билдирүүдө «ачкачылык культунун» курмандыгы болгон 429 адамдын өздүгү ДНК тести аркылуу аныкталганы айтылды.

Эл аралык Жакшы Кабар чиркөөсүнүн пастору Пол Маккензи жөнүндө апрель айында өзүнүн чиркөөсүндөгү адамдарды ачка калуу менен азирети Иса пайгамбарга жолугууга убада берип, көптөгөн адамдардын өлүмүнө себепкер болгон деген доомат боюнча тергөө башталды.

Чиркөө жайгашкан Шакахола токоюнан табылган 429 сөөктүн 238и чоңдор, 191и жаш балдар экени аныкталып, алардын доо иштери бөлүнгөн.

Операцияларда сектадан 100 киши куткарылып, массалык өлүмгө байланышы бар көптөгөн адамдар камакка алынган, алардын арасында секта лидеринин жубайы Жойс Мвикамба да бар.



Тектеш кабарлар