Израилдик депутаттан чуулгандуу билдирүү....

Коэн болжол менен 1,5 миллион палестиналык баш калкалаган Рафахка кургактыктан кол салуу зарыл экенин айтты.

2120985
Израилдик депутаттан чуулгандуу билдирүү....

Ашыкча оңчул Жөөт Күчү партиясынын депутаты Алмог Коэн, палестиналыктар баш калкалаган Газа тилкесиндеги Рафах шаарына кургактан кол салууга чакырып: «Рамазан айы аларды өлтүрүү үчүн эң жакшы убакыт»,- деди.

Алмог Коэн Израилдин 14-канал телекөрсөтүүсүндө катышкан программада өлкөсүнүн Газага кол салууларына токтолду. 

Палестиналыктар баш калкалаган Рафахка ыктымалдуу кургактыктан кол салууга байланыштуу АКШ башкаруусунун мамилеси тууралуу суроого Коэн: «Рафахка кургактыктан кол салууга карата чечим премьер-министр Биньямин Нетаньяхуга таандык»,-деп жооп берди.

Коэн болжол менен 1,5 миллион палестиналык баш калкалаган Рафахка кургактыктан кол салуу зарыл экенин айтып: «Рафахка кургактыктан кириш керекпи? Алардын сөөктөрүн сындыруу үчүн орозо кармап, чарчап, алсырап турганда (Рафахка кургактыктан кол салуу ) жасалашы керекпи? Ооба»,- деди.

Рамазан айы болгондуктан Израилдин эмне үчүн Рафахка кургактыктан кол салбагандыгын түшүнө албай турганын айткан Коэн: «Рамазан айы - аларды өлтүрүү үчүн эң жакшы убакыт. Алар чарчап, алсыз. Мен аларды аябайм, бир туугандарымды (Израилдик туткундарды) аяйм. Премьер-министрди (Нетаньяху) кургактыктан Рафахка кирип, өлтүрүүгө чакырам»,-деди.



Тектеш кабарлар