Блинкен: "ДЕАШ дагы деле чыныгы коркунуч"

Энтони Блинкен борбор шаар Вашингтондо Ирактын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Фуад Хусейн менен жолугушуусунда басма сөз өкүлдөрүнө маалымат берди.

2120789
Блинкен: "ДЕАШ дагы деле чыныгы коркунуч"

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен, террордук уюм ДЕАШтын «дагы деле чыныгы коркунуч» экенин айтты.

Энтони Блинкен борбор шаар Вашингтондо Ирактын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Фуад Хусейн менен жолугушуусунда басма сөз өкүлдөрүнө маалымат берди.

Ирактын аймактын ырааттуулугу жагынан «критикалык мааниге ээ» экенин баса белгилеген Блинкен: «ДЕАШтын дагы деле чыныгы коркунуч экенин унутпашыбыз керек»,-деди.

«Көптөгөн жылдар бою бул коркунуч менен күрөшүү жана олуттуу түрдө азайтуу үчүн жүргүзгөн абдан жакшы иш-аракеттерге карабастан бир канча күн мурун Орусияда болгон үрөй учурган кол салуу ДЕАШтын өзүнүн потенциалдуу күчүн сактоону улантканын эске салды» деген Блинкен, жума күнү Москвадагы кол салууда каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты.

АКШлык министр: «Бул, ДЕАШка каршы күрөштү улантышыбыз керектиктигине карата өкүнүчтүү эске салуу болуп саналат»,- деди.

Орусиядагы кол салууну айыптаган Ирактын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Хусейн да өлкөсүнүн бул террордук уюмга каршы күрөшүнө басым жасады.



Тектеш кабарлар