Зеленский мусулман аскерлер менен ифтарга катышты

Украинанын президенти Владимир Зеленский борбор шаар Киевде өлкөнүн  армиясында кызмат кылган мусулман аскерлердин ифтар программасына катышты.

2120552
Зеленский  мусулман аскерлер менен ифтарга катышты

 Украинанын президенти Владимир Зеленский борбор шаар Киевде өлкөнүн  армиясында кызмат кылган мусулман аскерлердин ифтар программасына катышты.

Украинанын президенттик кеңсесинен берилген маалыматка караганда Украианын коргоо министри Рүстем Умеров, Украина президенттик кеңсесинин төрагасы Андрей Ермак, Укриана чалгындоо башкармалыгынын башчысы Кирило Буданов жана башка башка жетекчилер да катышкан программада Крым татарларынын улуттук лидери Мустафа Абдулжемил Кырымоглу,  Түркиянын башкы акыйкатчысы Шереф Малкоч, Түркия, Түркмөнстан, Палестина, Өзбекстан, Египет, Ливия, Пакистан, Индонезия, Түштүк Африка, Азербайжан, Алжир, Судан, Катар, Ирак жана Кыргызстандын дипломатиялык миссиясынын өкүлдөрү катышты.

Программада мусулман асерлерге сыйлык тапшырган Зеленский өткөн жылы жаңы бир салт баштагандарын айтты.

Ыйык Рамазан айын  чогуу тоскондорун белгилеген Зеленский : «Мамлекетибиздин саясий жетекчилиги, аскер командирлери, Украинанын мусулман коомчулугунун өкүлдөрү, Крым Татар Улуттук Парламенти жана дипломатиялык корпус баары бир жерде. Биз бүгүн бир чөйрөдө чогуу турганыбызга абдан кубанычтамын. Биримдик ар дайым маанилүү, айрыкча  согуш учурунда биримдик маанилүү",- деди.

Зеленский Украинанын Коргоо жана коопсуздук күчтөрүндө өз өлкөсүн жана эркиндигин коргогон мусулман аскерлердин күрөшүн жогору баалап, эрдиктери үчүн ыраазычылык билдирди.



Тектеш кабарлар