Филиппинде болгон жол кырсыгы

Жол кырсыгында 17 адам каза болду.

2120242
Филиппинде болгон жол кырсыгы

Филиппиндин Котабато шаарында жүк ташуучу унаа менен кичи автобустун кагылышынан улам болгон жол кырсыгында 17 адам каза болду.

Полиция башчысы Годофредо Тупас ылдый карай бара жаткан кум-шагыл жүктөлгөн жүк ташуучу унаанын тормозунун иштебей калышынан улам жүргүнчүлөрдү ташыган кичи автобус менен кагылышкандыгын  билдирди.

Тупас кагылышуудан улам күйгөн  кичи автобустун айдоочусу жана 16 жүргүнчүсү окуя болгон жерде каза болуп, 1 жүргүнчүнүн аман калгандыгын билдирди.

Жүк ташуучу унаанын айдоочусу камакка алынды. 

 



Тектеш кабарлар