Папуа-Жаңы Гвинеядагы жер титирөө
Чыгыш Сепик провинциясында 23-марттагы жер титирөө өлүмгө алып келди.
2119777
Папуа-Жаңы Гвинеянын Чыгыш Сепик провинциясында 23-мартта болгон 7 баллдык жер титирөөдө 3 адам каза тапты.
Өлкөнүн Post-Courier гезитинин кабарына караганда, Чыгыш Сепик провинциясында 23-марттагы жер титирөө өлүмгө алып келди.
Амбунти шаарынын түндүк-чыгышында 3 адам каза болду.
Аймактын губернатору Аллан Берд ABC News телеканалына берген маалыматында, жер титирөөдөн 1000ге жакын үйдүн зыянга учураганын белгиледи.