Хамас Израилдин ооруканаларга кол салууларына каршылык көрсөттү

Хамастын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Израилдин Газанын түштүгүндөгү Хан Юнустагы Эмел ооруканасы менен Насер ооруканасына карай кол салууларына каршылык көрсөтүлдү.

2119590
Хамас Израилдин ооруканаларга кол салууларына каршылык көрсөттү

Палестинанын каршылык көрсөтүү уюму Хамас Израилдин 7-октябрдан бери кол салып жаткан Газа тилкесиндеги ооруканаларды бутага алуусунун «кыйратуучу согуштун далили» экенин билдирди.

Хамастын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Израилдин Газанын түштүгүндөгү Хан Юнустагы Эмел ооруканасы менен Насер ооруканасына карай кол салууларына каршылык көрсөтүлдү.

«Израиль Эмел ооруканасы менен Насер ооруканасын басып алуулары менен Газадагы саламаттыкты сактоо системасына жана ооруканаларына фашисттик кол салууларды кылып жатат»,-деп айтылган билдирүүдө, Израилдин Шифа ооруканасында кылган кылмыштарын улантканы баса белгиленди.

Билдирүүдө : «Бул абал Израилдин Газа тилкесиндеги бардык жашоо мүмкүнчүлүктөрүн, өзгөчө ооруканаларды жок кылуу менен адамдарды өз жерлеринен сүрүп чыгарууга аракет кылып жатканын жана элибизге каршы кыргын салуучу согуш жүргүзүп жатканын далилдейт»,-деп айтылды.

Израилдин бардык эл аралык келишимдерди жана эл аралык мыйзамдарды бузганы белгиленип, «Дүйнөнүн көз алдында элибизге каршы кылынган бул кылмыштарга эч ким чара көрбөй жатат»,деген баалоо жүргүзүлдү.

Израиль армиясынын 18-мартта Шифа ооруканасына кол салуусунан 170тен ашуун палестиналыктын каза тапканы жарыяланды.



Тектеш кабарлар