Гладков: «Украинанын Белгородго чабуулунан бир адам каза болду»
Бул тууралуу Белгород губернатору Вячеслав Гладков социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө орун алды.
Украинанын Орусиянын Белгород шаарына кол салууларынан бир киши каза болду.
Белгороддун губернатору Вячеслав Гладков социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө, Украина куралдуу күчтөрүнүн 23-март саат 07:00 менен 24-март саат 07:00 ортосунда болгон кол салууларында 1 кишинин каза болгонун, 7 кишинин жараланганын белгиледи.
Кол салуулардан улам шаарда материалдык зыяндын да болгонун белгилеген Гладков: «214 батир, 32 көп батирлүү турак-жай, 34 жеке турак жай, 1 кампа, 3 социалдык объект жана 9 коммерциялык объект жана 40 автоунаа зыян тартты»,-деп айтты.
Гладков кечке жуук орус абадан коргонуу системаларынын Белгород аймагынын үстүндө 22 украин аба бутасын атып түшүргөнүн, кол салууда 4 кишинин жараланганын белгиледи.
Орусиянын Коргоо министрлиги да Украина армиясынын Москва убактысы боюнча саат 17.50 чамасында RM-70 Vampire көп стволдуу ракета аткыч системасы менен Орусиянын аймагына чабуул жасаганын белгиледи.
Билдирүүдө, «Белгород аймагында 22 ракета абадан коргонуу системалары тарабынан жок кылынды»,деген маалыматтар камтылган.