Захарова АКШнын чабуул тууралуу билдирүүсүнө каршылык көрсөттү

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова АКШнын  Москвадагы террордук кол салуунун ДЕАШ тарабынан жасалганы жөнүндөгү билдирүүсүнө жооп берди.

2119527

Захарова: «Мен алар өз президенти Кеннединин өлтүрүлүшүн ушунчалык тез чечишин каалайт элем. Бирок, жок, алар 60 жылдан ашык убакыттан бери аны ким өлтүргөнүн таба алышкан эмес. Балким аны да ДЕАШ кылгандыр? Крокус Сити Холлдогу теракт боюнча тергөө аяктаганга чейин Вашингтондун Киевди актаган билдирүүсү далил катары кабыл алынышы керек»,-деп айтты.

Орусиянын борбор шаары Москвада 22-мартка караган түнү Crocus City Hall имаратында болгон теракттан 137 адам каза болду.

Кол салууну ДЕАШ террордук уюму мойнуна алды.

АКШнын чалгындоо кызматы да кол салууну ДЕАШ жасаганын билдирди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия чабуул үчүн Украинаны айыптоого аракет кылып жатканын билдирди.

Тектеш кабарлар