Газада каза болгондордун саны 32 миң 226га жетти
Израиль күчтөрүнүн Газа тилкесине кол салуулары 170-күндөн бери уланууда.
Израилдин 7-октябрдан бери кол салууларын улантып жаткан Газа тилкесинде каза болгондордун саны 32 миң 226га, жаралуулардын саны 74 миң 518ге жетти.
Израиль күчтөрүнүн Газа тилкесине кол салуулары 170-күндөн бери уланууда.
Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жасалган билдирүүдө Израилдин акыркы 24 саатта 8 жолу кол салганы, 84 палестиналыктын каза болгондугу, 106 палестиналыктын жараланганы белгиленди.
Газа тилкесинде кол салуулар башталган 7-октябрдан бери каза болгондордун саны 32 миң 226га, жаралуулардын саны 74 миң 518ге жеткени белгиленди.
Дейр Эль-Балахта бир үй бутага алынып; 11 адам өлдү. Израилдик күчтөр түнү бою Дейр Эль-Балага кол салышты.
Алаттар үй-бүлөсүнө таандык үйгө кол салуудан 11 палестиналыктын каза болгондугу жана көп сандаган жарандын жараланганы белгиленди.
Жаракат алгандар Акса шейиттери ооруканасына жеткирилди.
Палестиналык расмий өкүлдөр урандылардын астында жайкын тургундардын бар экенин билдирди.