АКШ аскерлери ПКК мүчөлөрү менен Нооруз иш-чараларына катышты
Уюмга жакын социалдык медиа эсептериндеги билдирүүлөргө караганда, АКШ аскерлери Халебдин Айнулараб районунда жана Хасекенин Дерик районунда өткөрүлгөн Нооруз иш-чараларына катышты.
2119494
Сириянын Хасеке жана Халеб облустарында террордук уюм ПККнын символу болгон чүпөрөктөр ачылган Нооруз иш-чараларына америкалык аскерлер катышты.
Уюмга жакын социалдык медиа эсептериндеги билдирүүлөргө караганда, АКШ аскерлери Халебдин Айнулараб районунда жана Хасекенин Дерик районунда өткөрүлгөн Нооруз иш-чараларына катышты.
Эки райондо тең өткөрүлгөн иш-чарада ПКК/ЙПГ тарапкерлери лидер Абдуллах Өжаландын афишасы менен террор уюму ПККны символдоштурган сары, жашыл жана кызыл түстөгү жылдыздар түшүрүлгөн чүпөрөктөрдү ачышты.
Социалдык медиа эсептеринде жарыяланган видеодо америкалык аял аскердин Дериктеги иш-чарада ПКК/ЙПГ колдонгон түстөгү жака кооздуктарын тагынганы көрүнүп турат.