Россияда болгон кол салууда каза болгондор үчүн көңүл айтуулар

Россиянын  Тергөө комитети да Москвадагы теракттан 60тан ашуун адамдын каза болгонун, каза болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн экенин билдирди.

2119119
Россияда болгон кол салууда каза болгондор үчүн көңүл айтуулар

Террор кол салуусу менен термелген Россияга дүйнөдөн көңүл айтуу билдирүүлөрү келүүдө.

АКШ башкаруусу президент Жо Байдендин окуяга көз салып жаткандыгын билдирди. 

Ак үйдөн берилген кабарда : "Москвадагы кол салуу коркунучтуу, жүрөгүбүз курмандыктар менен бирге согот",- деп айтылды. 

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта кол салуу катуу айыпталып : "Күнөөсүз  курмандыктардын үй  - бүлөлөрүнө, Россия Федерациясынын калкына жана өкмөтүнө көңүл айтабыз",- деп билдирилди. 

Франциянын президенти Эммануэль Макрон орус элине колдоосун билдирди.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши террордук актты “чыккынчылык жана коркоктук” деп атады.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио  Гутерреш да кол салууну кескин түрдө айыптады.

Германиянын Тышкы иштер министрлиги  да көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялап "кол салуунун арткы планынын тездик менен ачыкка чыгарылышы керектиги" белгиленди.

Өзбекстандын президенттик аппаратынын билдирүүсүндө, президент Шавкат Мирзиёевдин Россиянын президенти Владимир Путинге кайгылуу окуяга байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтканы белгиленди. 

Палестинанын каршылык көрсөтүү кыймылы Хамастын социалдык медиа эсебинен жасалган билдирүүсүндө : «Москвада жарандарды бутага алган жана ондогон кишинин каза болушуна, жаралануусуна себеп болгон террордук кол салууну катуу айыптайбыз»,-деп айтылды. 

Ошондой эле Ирландия, Греция, Тунис, Израиль, Жапония жана Ирандан Россияга  көңүл айтылды.

Бир тараптан АКШ орус бийликтерин акыркы жумаларда болушу мүмкүн болгон террордук кол салууга каршы эскерткендигин жарыялады.

Британия менен Канада да Россиядагы жарандарын сак болууга жана эл көп болгон жерден алыс турууга чакырды.

Россиянын  Тергөө комитети да Москвадагы теракттан 60тан ашуун адамдын каза болгонун, каза болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн экенин билдирди.

 



Тектеш кабарлар