Израиль 169 күндөн бери Газада кыргын кылууда

Израилдин Газага жасаган кол салууларында 7 - октябрдан бери 32 миң 70 палестиналык каза болуп, 74 миңден ашуун киши жараланды.

2119143
Израиль  169 күндөн бери Газада кыргын кылууда

Израилдин Газага жасаган кол салууларында 7 - октябрдан бери 32 миң 70 палестиналык каза болуп, 74 миңден ашуун киши жараланды.

Израиль аскерлери Бейт-Ханун, Жибалие жана Нусейрат качкындар лагерлерине кол салышты.

Артиллериялык аткылоонун бутасы болгон 9 жарандык отурукташуу жеринде кеминде 82 палестиналыктын каза болгону, 110 кишинин жараланганы жарыяланды.

Израилдин Шифа ооруканасына блокадасы жана кол салуулары уланууда.

Ондогон танк жана аскердик унаа менен блокадага алынган ооруканага дары  - дармектер жеткириле албагандыктан  3 бейтап каза болду. 

Ооруканага акыркы 6 күндөн бери жасалып жаткан Израиль кол салууларында  160 палестиналыктын өлтүрүлгөндүгү жана араларында медицина кызматкерлер да болгон 600 кишинин кармалганы жарыяланды.

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду ЮНИСЕФ Газадагы балдардын башынан өткөргөн трагедияга көңүлдөрдү бурду.

Израилдин кол салууларынан мурда «Газада тамактануу эч качан көйгөй болгон эмес» деген билдирүү жасалды.

Европа - Жер Ортолук деңизи адам укуктарын көзөмөлдөө уюму Euro-Med Израилдин Газада палестиналыктардын канын коркунучтуу түрдө төгүп, Шифа ооруканасынын айланасындагы ондогон үйдү өрттөгөнүн билдирди.

Жазуу түрүндөгү билдирүүдө Израилдин геноцид кылмышын кылганы баса белгиленип, Газадагы зомбулуктун коркунучтуу түрдө күчөгөнүнө көңүл бурулду.

Палестинанын президенти Махмуд Аббас да Израилдин  "2023 - жылдын 7 - октябрынан бери кол салып жаткан Газа тилкесин суусуз калтырып, атайылап эпидемияга себепкер болгонун"  белгиледи. 

 



Тектеш кабарлар