Аалымдар Биримдиги : "Кол салуунун ислам менен байланышы жок"

Дүйнөлүк Мусулман Аалымдар Биримдигинин баш катчысы Али Карадаги социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө Москвадагы кол салууну катуу айыптагандарын айтты.

2119132
Аалымдар Биримдиги : "Кол салуунун ислам менен байланышы жок"

Дүйнөлүк Мусулман Аалымдар Биримдиги Россиянын борбор шаары Москвадагы терактты айыптап, кол салуунун ислам дини менен байланышынын жок экенин билдирди.

Дүйнөлүк Мусулман Аалымдар Биримдигинин баш катчысы Али Карадаги социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө Москвадагы кол салууну катуу айыптагандарын айтты.

Кол салуунун Израилдин Газада кол салууларын күчөткөн бир мезгилге туш келгендигине көңүлдөрдү бурган Карадаги Москвадагы кол салуу менен сионисттердин Газадагы кылмыштарын көз жаздымда калтырууну максат кылгандыгын белгиледи. 

Россиянын борбор шаары Москвада Crocus City Hall концерттик залына куралчан адамдар кол салышты.

Социалдык медиада бөлүшүлгөн сүрөттөр кол салгандардын залда туш келди ок аткандыгын көрсөтүп,  Россиянын Тергөө комитети террордук кол салууда 60тан ашуун кишинин каза болгонун, 60ы оор 115 кишинин жараланганын жана каза болгондордун саны көбөйүшү мүмкүн экендигин билдирди. 

 



Тектеш кабарлар