Перуда алп дельфинге таандык 16 миллон жылдык баш сөөк табылды

Guardian гезитинин маалыматына караганда, Цюрих университетинде жүргүзүлгөн изилдөөдө табылган дельфин түрүнүн эң жакын тууганынын 10 миң километр алыстыкта, Түштүк-Чыгыш Азияда жашаганы аныкталды.

2118871
Перуда  алп  дельфинге таандык 16 миллон жылдык баш сөөк табылды

Перуда Амазонка дарыясында алп дельфин түрүнө таандык 16 миллион жылдык баш сөөктүн фоссили табылды.

Guardian гезитинин маалыматына караганда, Цюрих университетинде жүргүзүлгөн изилдөөдө табылган дельфин түрүнүн эң жакын тууганынын 10 миң километр алыстыкта, Түштүк-Чыгыш Азияда жашаганы аныкталды.

Изилдөөнүн башкы автору Алдо Бенитес-Паломино фоссилдин;  24-16 миллион жыл мурда жашаган жана узундугу 3,5 метрге чейин жеткен Platanistoidea үй-бүлөсүнө таандык экендигин белгиледи. 

Бенитес-Паломино белгилегендей, дарыя дельфининин бул түрү тузсуз дарыяларда жаңы азык булактарын табуу үчүн океандардан кеткен деп болжолдонууда.

Цюрих университетинин палеонтология бөлүмүнүн директору Марсело Р Санчес-Виллагра : «Түштүк Америкада 20 жылдан бери жүргүзгөн изилдөөлөрүбүздүн натыйжасында бүгүнкү күндө аймакта табылган кээ бир жандыктардын алп формаларын таптык. Бирок бул дельфин түрүнүн биринчи үлгүсү болду",- деди.  

Изилдөө Science Advances журналында жарыяланды.

 

 



Тектеш кабарлар