Орусияда террордук кол салуу болду

Москвадагы концерт залда куралдуу кол салуу болду.

2119090
Орусияда террордук кол салуу болду

Орусиянын борбор шаары Москвадагы концерт залда болгон террордук кол салууда кеминде 40 киши каза болгону билдирилди.

Орусиянын массалык маалымат каражаттарына караганда Крокус муниципалитетинин имаратындагы концерттин алдында колуна автоматтарды көтөргөн жана башына беткап кийген эң аз 3 киши залга кирип келип туш келди ок чыгарышты.

Кол салууда алгачкы белгилөөлөргө караганда 40 киши каза болгону жарыяланды.

Кол салуудан кийин имаратта жарылуу болгону жана өрт чыкканы, имараттын чатыры кулап түшкөнү билдирилди.

Окуя болгон жерге көп сандаган тез жардам унаалары жана ыкчам коопсуздук топтору барды.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги "бүткүл дүйнө Москвадагы "террордук актыны" айыпташы керек" деген чакырык салды.

Москванын мэри Сергей Собянин бул аптанын аягында Москвадагы бардык спорттук, маданий жана башка элге ачык иш-чараларга тыюу салууга чечим чыгаргандарын жарыялады.

 

 



Тектеш кабарлар