АКШдан Судандагы командирлерге каршы санкциялар

АКШнын Мамлекеттик департаментинин жазуу түрүндөгү маалыматында, Судандагы окуялардын жакындан байкалып жатканы жана зомбулук окуяларынан улам тиешелүү адамдарга карата санкциялардын уланганы айтылды.

2140405
АКШдан Судандагы командирлерге каршы санкциялар

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Судандагы зомбулукта роль ойногондугу себеби менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн (HDK) эки командирин санкция тизмесине кошту.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин жазуу түрүндөгү маалыматында, Судандагы окуялардын жакындан байкалып жатканы жана зомбулук окуяларынан улам тиешелүү адамдарга карата санкциялардын уланганы айтылды.

Билдирүүдө HDK командирлери Али Ягуб Гибрил менен Осман Мохамед Хамид Мухаммеддин Дарфурдагы зомбулуктардагы ролу үчүн санкция тизмесине киргизилгени белгиленди.

HDK курчоого алган аймактарда жүз миңдеген кишинин өмүрүнүн коркунучта экени кабарланган билдирүүдө, HDK менен Судан куралдуу күчтөрүнөн кол салууларын дароо токтотуусу талап кылынды.



Тектеш кабарлар