ЕБ лидерлери орус активдеринен түшкөн кирешени Украинага берүү боюнча макулдашты

Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөрүлгөн ЕБ саммитинин биринчи күндүк сессиялары аяктады.

2118745
ЕБ лидерлери орус активдеринен түшкөн кирешени Украинага берүү боюнча макулдашты

Европа Биримдиги (ЕБ) Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин, тоңдурулган орус активдеринен түшкөн кирешенин Украинага берилиши керектиги темасында макулдашкандарын айтты.

Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөрүлгөн ЕБ саммитинин биринчи күндүк сессиялары аяктады.

Евробиримдик Комиссиясынын төрайымы фон дер Ляйен сессиялардын аягындагы маалымат жыйынында Украина боюнча бөлүмдүн жыйынтыктарын бөлүштү.

Лидерлердин Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелдин Орусиянын ЕБдеги тоңдурулган активдеринен түшкөн кирешелердин Украинага которулушуна байланыштуу сунушун ылайыктуу деп тапканын белгилеген фон дер Ляйен: «Бул Украинага аскердик техниканы каржылоону камсыздайт. 2024-жыл үчүн 3 миллиард евронун тегерегинде жана келээрки жылдарда да ушундай эле сумманын чогуларын күтө алабыз»,- деди.

Фон дер Ляйен сунуштун качан ишке ашырылышы мүмкүн экендиги тууралуу суроого: «Мен лидерлерге, эгерде биз сунушту дароо жыйынтыктасак биринчи 1 миллиард еврону 1-июлда которо аларыбызды айттым. Демек, бул өзүбүздөн көз каранды. Тезирээк болсок бул биздин колубузда. Жай айларында конкреттуу кадамдар болот»,-деп жооп берди.



Тектеш кабарлар