Польшада дыйкандар өкмөт менен макулдашты, нааразычылык акциялары аяктады

Польшанын айыл чарба министри Чеслав Сиекьерски дыйкандардын өкүлдөрү менен өкмөттүн макулдашууга баргандарын билдирди.

2118467
Польшада дыйкандар өкмөт менен макулдашты, нааразычылык акциялары аяктады

Польшадагы дыйкандар өкмөттүн Украинадан арзан айыл чарба азыктарын импорттоону токтотууга макул болгондон кийин нааразычылык акцияларын токтотушту.

Польшанын айыл чарба министри Чеслав Сиекьерски дыйкандардын өкүлдөрү менен өкмөттүн макулдашууга баргандарын билдирди.

Сиекиерски Украинанын айыл чарба продукцияларынын Польшага ташып келүү жана башка өлкөлөргө транзиттик өткөөлдүн токтотулганын билдирди.

Ушундайча Польшада дыйкандардын  Европа Биримдигинин айыл чарба саясаттары менен Украинадан арзан дан жана азык - түлүктүн импорттолушуна байланыштуу  нааразычылык акциялары өкмөт менен макулдашуу менен аяктады.

Кечээ дыйкандар борбор шаар Варшавага баруучу жолдорду кошкондо болжол менен 600 пунктка тосмолорду орнотуп, жолдордун кыймылга жабылышына себеп болду.

Польшада дыйкандар  6 - мартта Варшавадагы премьер-министрдик кеңсесинин алдында митинг өткөрүштү.

Украинадан арзан дан жана азык-түлүк импортун токтотуу үчүн Польша-Украина чек арасынын жабылышын талап кылган дыйкандар Европа Биримдигинин жашыл жана экологиялык таза саясаты менен Европада айыл чарбаны жок кылып  жатканын айтып, Польшанын Европа Биримдигинин  "Жашыл келишим" программасынын чыгышын талап кылган.

Европа Биримдигинин көптөгөн өлкөлөрүнүн, айрыкча Германия, Франция, Италия, Испания, Нидерландия, Бельгия, Венгрия жана Грециянын дыйкандары акыркы мезгилде учурдагы айыл чарба саясаттарына каршылык көрсөтүшүүдө.



Тектеш кабарлар