Нетаньяху Газадагы Рефахка кол салуу планын бекитти,Байден менен сүйлөштү

Израилдин премьер-министрлигинин басма сөз кызматынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, премьер-министр Нетаньяху 18-мартта АКШнын  президенти Жо Байден менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү тууралуу билдирүү жасады.

2118369
Нетаньяху Газадагы Рефахка кол салуу планын бекитти,Байден менен сүйлөштү

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Рефахка кол салуу планын жактырганын жана карапайым калкты аймактан чыгаруу планын «жакында» беките тургандарын билдирди.

Израилдин премьер-министрлигинин басма сөз кызматынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, премьер-министр Нетаньяху 18-мартта АКШнын  президенти Жо Байден менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү тууралуу билдирүү жасады.

Нетаньяху Байден менен ХАМАСтын жок кылынышы керектиги боюнча башында макулдашканын айтып: «Бирок согуш учурунда бул максатка жетүү үчүн эң жакшы жол тууралуу ортобузда пикир келишпестиктер болгондугу эч кимге жашыруун эмес»,-деди.

Байденге алгач Израиль армиясы Газа тилкесине кирбей туруп Хамасты жеңүү мүмкүн эмес экенин айтканын белгилеген Нетаньяху, акыркы сүйлөшүүдө президентке Хамастын калган батальондорун жок кылуу үчүн Рефахка кирбей туруп жеңишке жетишүү мүмкүн эмес экенин айтканын билдирди.

Армиянын Рефахка кол салуу планын бекиткенин эске салган Нетаньяху: «Жакын арада согуш аймактарынан (Рефахта) жарандарды эвакуациялоо планын да бекитебиз»,-деп маалымат берди.

Рефахка кол салуу планынын бир аз убакытка созулаарын белгилеген Нетаньяху : «Хан Юнуста, борбордук лагерлерде жана Шифада кылгандай, ХАМАСтын жогорку даражалуу өкүлдөрүн жок кылуу жана колго түшүрүү жана жүздөгөн террористти жок кылуу боюнча иш-аракеттерибизди улантып жатабыз»,-деди.

Ошол эле учурда Израиль басма сөзүндө орун алган кабарларга караганда, Нетаньяху АКШдагы Республикачыл сенаторлордун жолугушуусуна видеоконференция аркылуу байланышып, Израилдин Газадагы кол салууларына токтолду.

Нетаньяху сөзүндө Газада «максаттарына жеткенге чейин» аймакка кол салууну уланта тургандыктарын билдирүүсүн берди.

Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларында кеминде 14 миңи бала, 9 миң 220сы аял болгон 31 миң 923 палестиналык каза болуп, 74 миң 96 киши жараланды.

Урандылардын астында дагы миңдеген набыт бар экени кабарланууда.



Тектеш кабарлар