Газадагы согуштан жапа чеккен балдар

Жеймс Элдер X социалдык медиа платформасынан Газадагы эң чоң саламаттык сактоо комплекси болгон Насыр ооруканасына сапары тууралуу билдирүү бөлүштү.

2118147
Газадагы согуштан жапа чеккен балдар

Газада рекорддук сандагы балдардын медициналык жардамга муктаж экендиги билдирилди.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) басма сөз катчысы Жеймс Элдер X социалдык медиа платформасынан, Израилдин катуу кол салууларына жана блокадасына кабылган Газадагы эң чоң саламаттык сактоо комплекси Насыр ооруканасына сапары тууралуу билдирүү бөлүштү.

Газада рекорддук сандагы баланын медициналык жардамга муктаж экенин белгилеген катчы, аймактагы 36 оорукананын 12синин жарым-жартылай кызмат көрсөтүп жатканын айтып: «Насыр ооруканасы алардын бири эмес»,-деди.

Мурунку сапарында Насыр ооруканасынын миңдеген адамдар баш калкалаган аянт болгонун эске салган Жеймс, бомбалоодон улам чоң бөлүгү талкаланган оорукананын коридорлорунда азыр «өлүм жымжырттыгынын» өкүм сүрүп жатканын кабарлады.



Тектеш кабарлар