Жозеп Боррелл Россиянын тоңдурулган активдеринин Украинаны колдоо үчүн колдонуу сунушун сунуштады

Жозеп Боррелл  Х эсебинен Россиянын Европа Биримдигинин санкцияларынын алкагында тоңдурулган активдеринен алынган кирешенин Украинаны колдоо үчүн пайдаланылышы тууралуу маалымат берди.

2117961
Жозеп Боррелл Россиянын тоңдурулган активдеринин Украинаны колдоо үчүн колдонуу сунушун сунуштады

Европа Биримдигинин тышкы карым  - катнаштар жана коопсуздук саясатынын жогорку өкүлү Жозеп Боррелл Европа Биримдиги кеңешине тоңдурулган орус активдерин иштетүүдөн алынган кирешелердин 90 пайызынын Украинанын согушта колдоого алынышы үчүн пайдаланууну камтыган бир сунуш сунгандыгын жарыялады.

Жозеп Боррелл  Х эсебинен Россиянын Европа Биримдигинин санкцияларынын алкагында тоңдурулган активдеринен алынган кирешенин Украинаны колдоо үчүн пайдаланылышы тууралуу маалымат берди.

Жогорку өкүл : "Бүгүн мен кеңешке Россиянын тоңдурулган активдеринен түшкөн кирешени Украинаны колдоо үчүн пайдалануу сунушун бердим.  90 пайызы Европа тынчтык фондунан, 10 пайызы Европа Биримдигинин бюджетинен бөлүнөт",- деди.

Басма сөздө чыккан маалыматка караганда, сөз болгон кирешелер 190 миллиард евролук Россиянын Борбордук банкынын баалуу кагаздары жана накталай акчасына туура келет.

Европа Биимдиги өлкөлөрү бул маселени эртең боло турган лидерлер саммитинде биринчи жолу талкуулайт, бирок дароо чечимдин чыгышы күтүлбөйт.

 



Тектеш кабарлар