Түндүк Кореянын лидери жаңы сыноого көз салды

Жаңы орто аралыкка учуучу гиперүндүү ракета моторунун өлкөнүн түндүгүндөгү Сохае спутник борборунда сыноодон өткөнү белгиленди.

2117870
Түндүк Кореянын лидери жаңы сыноого көз салды

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жаңы орто аралыкка учуучу гиперүндүү ракета кыймылдаткычынын сыналышын жеринде текшерди.

Түндүк Кореянын борбордук кабар агенттигинин (KCNA) маалыматында, жаңы орто аралыкка учуучу гиперүндүү ракета моторунун өлкөнүн түндүгүндөгү Сохае спутник борборунда сыноодон өткөнү белгиленди.

Катуу күйүүчү май менен иштеген кыймылдаткычтын сыноосуна лидер Кимдин текшерүү жүргүзгөнү жана сыноонун ийгиликтүү өткөнү айтылды.

Мотор сыноосунун коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында ишке ашырылганы кабарланды.

Ким Чен, кыймылдаткычы сыналган куралдын "континенттер аралык баллистикалык ракеталардай баалуу" экенин жана мунун негизинде душмандарын коркутуп жатканын маалымдады.

Адистердин айтымында, аталган ракета Тынч океандагы Гуам аралында жайгашкан Америка Кошмо Штаттарынын аймагына чейин жетиши мүмкүн.

Түштүк Кореянын Башкы штабы Түндүк Кореянын 18-декабрда Жапон деңизин (Чыгыш деңизи) көздөй үч баллистикалык ракета учурганын жана ракеталардын болжол менен 300 километр аралыкты басып өтүп, Жапон деңизине түшкөнүн билдирген.

Түндүк Корея акыркы жолу 14-февралда өлкөнүн чыгыш жээгинен жаңы типтеги “Падасури-6” кургактыктан деңизге канаттуу ракетасын учурган.



Тектеш кабарлар