Палестинага колдоо митингдери

Израилди айыптаган плакаттар менен  аянтта чогулган митингчилер бул жерде «Эркин Палестина», «Газа кайрадан курулат», «Израилдин баскынчылыгы токтотулат» деген ураандар менен  жүрүштү.

2117959
Палестинага колдоо митингдери
ispanya La Fallas festival gazze protesto.jpg
abd filistin destek gozalti.jpg
abd filistin destek.jpg

АКШнын Нью -  Йорк шаарында Палестинаны жактаган топтор Израилдин Газадагы Шифа ооруканасына карата акыркы кол салуусуна нааразычылык билдрүү үчүн митинг өткөрдү.

Араларында медициналык кызматкерлери жана тынчтык жактоочусу еврейлер да болгон топтор «Шифа ооруканасы үчүн чукул чара көрүү» чакыруусу астында Манхэттендеги Зуккотти паркында жолугушту.

Израилди айыптаган плакаттар менен  аянтта чогулган митингчилер бул жерде «Эркин Палестина», «Газа кайрадан курулат», «Израилдин баскынчылыгы токтотулат» деген ураандар менен  жүрүштү.

Полициянын айланада коопсуздук чараларын көргөн митингде андан кийин топтор Дүйнөлүк соода борбору аянты жана ал жерден Нью -  Йорк мэриясына чейин жүрүштү.

Жүрүш учурунда полиция жолду тосуп, жол кыймылына тоскоолдук кылган айрым митингчилерди кармады.

Израиль  армиясынын күчтөрү 18 - март күнү эртең менен Газанын батышындагы Шифа ооруканасына учкучсуз учуучу аппараттар жана катуу атышуулардын коштоосунда рейд жүргүздү.

Газадагы өкмөт кечээ Израиль армиясы рейд жүргүзгөн Шифа ооруканасында 50 палестиналыкты өлтүргөндүгүн, 200 кишини да  камакка алынганын жарыялады.

Кечээ Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген жазуу  түрүндөгү билдирүүсүндө  Израиль күчтөрү тарабынан  курчоого алынган Шифа ооруканасында бейтаптар, саламаттыкты сактоо кызматкерлери менен жер которгон жарандардын бар экендиги белгиленди.

Шифа ооруканасында калган кишилердин тамак  - аш жана суусундук  таба албагандыктан  2 күндөн бери ооздорун ача албагандыгы билдирилген.

Испанияда да  жыгачтан жасалган чоң чоң көгүчкөндөр Газа жана Украинада тынчтык үчүн өрттөлдү.

Валенсия шаарында 1 – 19 - март аралыгында өткөрүлгөн жана кеминде  250 жылдык тарыхка ээ  Ла Фаллас фестивалынын символу, алп куурчактардын арасында бул жылдын негизги фигурасы тынчтыктын символу болгон көгүчкөндөргө бөлүндү.

20 метр узундукта жана  30 метр диаметрдеги 2 көгүчкөн Газа жана Украинада тынчтык үчүн өрттөлдү.

Израиль армиясынын жардамдардын  киришине тоскоол болуу менен ачкачылыкка жетелеген Газа тилкесине  7 - октябрдан берки кол салууларында  32 миңге жакын палестиналык кыргынга учурады.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар