Грециянын F-16 учагы Эгей деңизине кулап түштү

Бул тууралуу Грециянын Аскердик Аба күчтөрүнүн билдирүүсү жарыяланды.

2118052
Грециянын F-16 учагы Эгей деңизине кулап түштү

Грециянын аба күчтөрүнө таандык F-16 согуштук учагы Эгей деңизине кулады.

Грециянын Аскердик Аба күчтөрүнүн билдирүүсүнө караганда машыгуу учуусуна катышкан F-16 (Блок 52) согуштук учагы жергиликтүү убакыт боюнча саат 13.29да Эгей деңизинин түндүгүндөгү Арсура (Псатура) аралынын жээгине кулап түшкөн.

Учкуч учуруп чыгаруу системасынын жардамы менен парашют менен секирип кутулду.

Тик учак менен табылган учкуч ооруканага жеткирилди.



Тектеш кабарлар