Түштүк Суданда аскердик учак кырсыкка учурады
Кырсыкта 5 киши жаракат алды.
2117502
Түштүк Суданда аба күчтөрүнө таандык учак кырсыкка учурап 5 киши жаракат алды.
Жергиликтүү маалымат каражаттары билдиргендей, Түштүк Судан армиясына таандык учак өлкөнүн түндүгүндөгү Йида аймагында белгисиз бир себеп менен кырсыкка учураган.
Аскер кызматкерлери да болгон 7 кишилик экипаждын 5и жаралуу куткарылып, кырсыкта каза болгондордун бар же жок экендиги тууралуу маалымат берилген жок.
Социалдык тармактарда жарыяланган сүрөттөрдө кыйраган учактын көпчүлүк бөлүгү өрттөнүп, күйүп кеткен.