Россияда өткөн шайлоого карата каршы билдирүүлөр

Россия  Федерациясында үч күнгө созулган президенттик шайлоо кечээ аяктады. Украина менен 3 жылдан бери согушуп жаткан Россияда президент Владимир Путинге дагы бир мөөнөткө ыйгарым укук берилди.

2117323
Россияда өткөн шайлоого карата каршы билдирүүлөр

 Россиянын Украинанын айрым аймактары менен Абхазия жана Түштүк Осетияда шайлоо өткөрүшүнө карата каршы чыгуулар келүүдө.

Грузия, НАТО жана Европа Биримдиги  шайлоонун мыйзамсыз экендигин белгиледи.

Россия  Федерациясында үч күнгө созулган президенттик шайлоо кечээ аяктады. Украина менен 3 жылдан бери согушуп жаткан Россияда президент Владимир Путинге дагы бир мөөнөткө ыйгарым укук берилди.

Так эмес жыйынтыктарга караганда Путин шайлоодо күтүлгөндөй эле шайлоочулардын 87,29 пайыз добушуна ээ болуп, катышуу көрсөткүчү 77,44 пайызды түздү.

Россия 2014 - жылы Украинадан мыйзамсыз аннексиялап алган Крымда, 2022 - жылы аннексиялаган Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожье аймактарында президенттик шайлоо өткөрүлдү. Россия өзгөчө Абхазия менен Түштүк Осетияда да шайлоо өткөрдү.

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили өлкөсүнөн бир тараптуу көз карандысыздыгын жарыялаган Абхазия жана Түштүк Осетия аймактарында Россиянын президенттик шайлоо өткөрүүсүнүн мыйзамсыз экенин билдирди. Зурабишвили соцтармактагы билдирүүсүндө Россиянын Абхазия жана Түштүк Осетия аймактарында президенттик шайлоо өткөрүүнүн кабыл алынгыс экенин белгиледи.

Бул эки аймактын Россиянын оккупациясы астында экендигин белгилеген Зурабишвили : «Грузиянын оккупациядагы аймактарында Россия Федерациясынын президенттик  шайлоо өткөрүүсүнүн  кабыл алынгыс жана мыйзамсыз. Бул шайлоо Грузиянын эгемендүүлүгүн жана жеринин бүтүндүгүн дагы бир жолу бузду жана эл аралык эрежелерге  толугу менен тескери»,- деди. Зурабишвили эл аралык коомчулукту бул абалга каршы чыгууга чакырды.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг да жолугушууларды өткөрүү үчүн барган Грузияда бул тууралуу маалымат берди.

Баш катчы Столтенберг : “Россиянын Грузия менен Украинанын аймагында шайлоо өткөрүүсү толугу менен мыйзамсыз”,- деди.

Столтенберг Россиянын өзүнүн “империялык амбицияларын” көздөп жаткандыгын айтып, Грузиянын коопсуздук маселелери менен бетме  - бет экендигин билдирди.

Европа Биримдигинин Тышкы карым  - катнаштар кызматынын Россияда 15 – 17 - мартта өткөн президенттик шайлоо тууралуу билдирүүсүндө, шайлоонун уланып жаткан Россия  - Украина согушунун таасиринен улам «чектелген чөйрөдө өткөнү» баса белгиленди.

Европа Биримдигинин Россиянын «убактылуу оккупация астындагы Украина жерлеринде мыйзамсыз өткөрүлгөн шайлоону катуу айыптагандыгы» билдирилген маалыматта бул шайлоо менен Россиянын «БУУнун Уставын  жана эл аралык мыйзамды, Украинанын көз карандысыздыгын, эгемендүүлүгүн жана жеринин бүтүндүгүн дагы бир жолу ачык бузгандыгы" белгиленди.



Тектеш кабарлар