Нигерияда 87 киши барымтага алынды

Нигерияда өзгөчө өлкөнүн түндүгүндө кун талап кылган кылмыштуу топтордун адам уурдоосу дээрлик күнүмдүк көрүнүшкө айланды.

2117014
Нигерияда  87 киши барымтага алынды

Нигериянын Кадуна штатында куралчан адамдар 87 кишини  барымтага алышты.

Кадуна полициясынын басма сөз катчысы Мансур Хасан Каджуру айылында болгон окуяны тастыктады, бирок дайынсыз жоголгондордун санын ачыктаган жок.

Айыл башчысы Танко Вада Саркиндин айтымында, кеминде 87 киши барымтага алынган.

Нигерияда өзгөчө өлкөнүн түндүгүндө кун талап кылган кылмыштуу топтордун адам уурдоосу дээрлик күнүмдүк көрүнүшкө айланды.



Тектеш кабарлар