Израилге карата курал жардамында үзгүлтүк жок

Израилдин Газа тилкесиндеги кол салууларында каза болгондордун саны  көпчүлүгү балдар болгон  32 миңге жетти.

2117391
Израилге карата курал жардамында үзгүлтүк жок

7 -  октябрдан бери Газа тилкесине карата кол салуулары уланып жаткан Израилге  35 миң тонна курал жана ок  - дары өткөрүлдү.

«Израиль Хайом» гезитинде жарыяланган кабарда 7 - октябрдан бери өлкөгө 35 миң тонна курал жана ок-дарынын жөнөтүлгөнү, алардын көпчүлүгү АКШ жана  ар кайсы өлкөлөрдөн болуп 300дөн ашуун учак жана 50гө жакын кеме менен жиберилгендиги белгиленди.

Израилдин негизги курал - жарак өткөрүүчүсү АКШ экендиги жана  курал - жарактын аз бөлүгү башка кээ бир өлкөлөрдөн жасалганы белгиленди.

 АКШнын бул курал өткөрүүсүнүн Газа тилкесине кол салууларын улантып жаткан Израиль армиясына ачык колдоонун далили экендиги жана түндүк фронтунда Хизбуллахка каршы согуш даярдыгына да колдоо бергендиги айтылды.

Кабарда израилдик жогорку мартабалуу коопсуздук жетекчилеринин Вашингтон менен Тель Авив өкмөттөрүнүн ортосунда Газа тууралуу күч алган чыңалуудан улам АКШнын Израилге курал өткөрүүнү акырындатуу ыктымалынан тынчсыздангандыгы да белгиленди.

Израилдин Газа тилкесиндеги кол салууларында каза болгондордун саны  көпчүлүгү балдар болгон  32 миңге жетти.

 



Тектеш кабарлар