Европа Биримдигинен Навалный санкциялары

Жозеп Боррелл Европа Биримдигине мүчө министрлердин Россияда камакта каза болгон Алексей Навалныйдын өлүмүнөн  «жооптууларга» санкция киргизүү чечимин чыгаргандыгын жарыялады.

2117313
Европа Биримдигинен Навалный  санкциялары

Европа Биримдигинин Тышкы карым  - катнаштар жана Коопсуздук Саясатынын жогорку өкүлү Жозеп Боррелл Европа Биримдигине мүчө министрлердин Россияда камакта каза болгон Алексей Навалныйдын өлүмүнөн  «жооптууларга» санкция киргизүү чечимин чыгаргандыгын жарыялады.

Жозеп Боррелл тышкы иштер министрлеринин жыйынынан кийин өткөргөн пресс  - жыйынында Европа Биримдиги жана АКШнын Украина үчүн «чукул түрдө аракетке өтүшү керектигин» баса белгилеп : «Трансатлантика биримдиги абдан маанилүү»,- деди.

Жыйынга видеоконференция аркылуу катышкан Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулебадан согуштагы акыркы абалдар тууралуу маалымат алгандарын белгилеген Боррел, Украинага колдоону арттыруу үчүн чечим чыгарылгандыгын айтты.

Боррелл булардын биринчисинин :  Украинага аскердик жардамдар үчүн колдонулган «Европа тынчтык фондунун»  5 миллиард еврого көбөйтүлөөрүн, экинчисинин да 16 -  февралда  Россияда камакта оппозиционер Алексей Навалныйдын өлүмүнөн жооптуу кишилерге  санкция киргизүү чечими экендигин айтты.

Министрлердин Навалныйдын «өлтүрүлүшүнөн жооптуу 30га жакын киши жана мекемеге» санкция киргизүү тууралуу келишкендерин белгилеген Боррелл бул сөзү болгон киши жана мекемелердин ысымдарын атаган жок.

Боррелл жыйында Россиянын тоңдурулган мал  - мүлктөрүнүн да күн тартибине киргендигин, бул мал  - мүлктөрдүн Украинага аскердик жардамдарды көбөйтүү үчүн колдонулушуна байланыштуу мүчө өлкөлөрдөн «күчтүү колдоонун келгендигин» белгиледи.



Тектеш кабарлар