Европа Биримдиги Украинага 5 миллиард евролук жардамды бекитти

Европа Биримдигинин Украина армиясына көрсөткөн жалпы колдоосунун 33 миллиард евро экендиги болжолдолууда.

2117398
Европа Биримдиги Украинага 5 миллиард евролук жардамды бекитти

Европа Биримдигинин кеңеши 2 жылдан ашуун убакыттан бери Россия менен согушуп жаткан Украинага аскердик жардамдар үчүн колдонулган фондду  5 миллиард еврого көбөйтө тургандыгын жарыялады.

Европа Биримдиги кеңешинен берилген маалыматка караганда  «Европа тынчтык фонду» деп аталган каржылык фонд  5 миллиард еврого көбөйтүлдү жана бул фонддун негизинде «Украинага жардам фонду» түзүлдү.

Украинага жардам фондунун алкагында Украина куралдуу күчтөрүнүн муктаждыктарын аскердик техника жана машыгуу аркылуу камсыз кылуу максат кылынууда.

Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелл кабыл алынган чечимдин Европа Биримдигинин убдаларын орундаткандыгын көрсөткөндүгүн белгилеп : «Бул фонд менен Украинанын Россиянын согушуна каршы өзүн коргоосу үчүн эмне керек болсо жана канча убакыт керек болсо колдоо көрсөтүүнү улантабыз»,- деди.

Чечимден кийин Европа Тынчтык Фондунун 2021 – 2027 - жылдар үчүн каржылык жогорку чеги 17 миллиард евродон ашты.

Европа Биримдигинин Украина армиясына көрсөткөн жалпы колдоосунун 33 миллиард евро экендиги болжолдолууда.

 

 

 



Тектеш кабарлар